Египеттин Дамиетта портунда АКШга таандык газ танкери чабуулга кабылды
Египеттин Жер Ортолук деңизиндеги Дамиетта портунда өрттөнүп жаткан суюлтулган жаратылыш газын ташыган танкерлердин бири АКШга таандык болуп, белгисиз учкучсуз учуучу аппараттын (дрондун) чабуулуна кабылганын Reuters агенттиги британиялык Ambrey компаниясына шилтеме берип билдирди.
Буга чейин Египеттин Al-Nahar басылмасы Дамиетта портундагы бир нече газ ташуучу танкерде жана жүк ташуучу кемелерде өрт чыкканын, учурда келтирилген чыгымдар такталып жатканын маалымдаган.
Reuters'тин маалыматына ылайык, дрон АКШга таандык газ сактоочу танкерге сокку урган. Ал эми британиялык Inchcape Shipping Services компаниясынын маалыматы боюнча, окуядан кийин эки танкер өрттөнүп кеткен.
Азырынча чабуулду ким уюштурганы расмий түрдө белгилүү боло элек. Ал эми Египеттин бийлиги окуя боюнча иликтөө жүргүзүүдө.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















