Малайзияда эки окуучу кыздын сөөгү кароосуз калган имараттын жанынан табылды
Малайзияда 14 жаштагы эки окуучу кыздын сөөгү кароосуз калган көп кабаттуу имараттын жанынан табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кыздар бир мектепте окуп, жакын курбулар болгон. Алар ар дайымкыдай эле сабакка катышып, өздөрүн кадимкидей алып жүрүшкөн. Сабактан кийин кыздар кароосуз калган имаратка барып, жогорку кабаттарынын биринен кулап кетишкени айтылууда.
Окуяга күбө болгондор курбулардын имаратка кирип баратканын көрүшкөн, бир аз убакыттан кийин алардын сөөгү имараттын жанындагы бадалдын арасынан табылган.
Алдын ала маалымат боюнча, зордук-зомбулуктун белгилери аныкталган эмес. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, окуянын бардык жагдайлары иликтенип жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















