Курсантбек Өмүрбеков энергетика министринин биринчи орун басары болду
Энергетика министринин биринчи орун басары болуп Курсантбек Өмүрбеков дайындалды.Тиешелүү документке министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.
Курсантбек Өмүрбеков эки жогорку билимге ээ:
- 2003-2008-жылдары Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин аяктаган, адистиги - инженер-энергетик;
- 2022-2024-жылдары Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Менеджмент багыты боюнча магистратурасын аяктаган.
Ал энергетика тармагында 20 жылга жакын убакыттан бери эмгектенип келет.
- 2022-жылы Энергетика министрлигине караштуу Энергетикалык көзөмөл кызматынын жетекчиси болуп иштеген.
- 2024-2025-жылдары энергетика министринин орун басары кызматын аркалап, кийинчерээк министрдин биринчи орун басары болуп дайындалган.
- 2025-жылы "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун башкы директору кызматында иштеген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















