super.kg logo

Ысык-Көлдөгү мөңгүлөрдүн аянты 90 жылда үчтөн бирге азайды

 

Акыркы 70–90 жыл аралыгында Ысык-Көл ойдуңундагы мөңгүлөрдүн жалпы аянты 33,7 пайызга кыскарган. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мөңгүлөрдүн азайышы боюнча көрсөткүчтөр аймактын жаңыланган каталогун түзүү учурунда аныкталган. Адистер жаңы маалыматтарды мурдагы изилдөөлөрдүн жыйынтыктары менен салыштырышкан.

Ошондой эле акыркы 7–10 жыл аралыгында Ысык-Көл ойдуңундагы мөңгүлөрдүн аянты дагы 23,1 пайызга кыскарганы белгиленди.

Жаңыланган каталогдо мөңгүлөрдүн бирдиктүү тизмеси түзүлүп, алардын такталган чек аралары, өлчөмдөрү жана башка негизги көрсөткүчтөрү камтылган.

Изилдөө иштеринде адистер Copernicus программасынын Sentinel-2 спутниктик сүрөттөрүн, QGIS геомаалыматтык системасын жана Google Earth платформасын колдонушкан. Анын негизинде мөңгүлөрдүн учурдагы абалы такталып, айрымдары бөлүнүп кеткен, жаңылары пайда болгон же толугу менен жок болгону аныкталган.

Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, жаңыланган каталог өлкөнүн криосферасына (кар жана мөңгү катмарына) байкоо жүргүзүүдө маанилүү маалымат булагы болуп саналат. Ал мамлекеттик органдарды, илимий мекемелерди жана инженердик уюмдарды мөңгүлөрдүн азыркы абалы тууралуу так маалымат менен камсыз кылууга жардам берет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: