super.kg logo
  Саясат  

Жапаров Мирзиёевди I даражадагы "Манас" ордени менен сыйлады

 

Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевди Кыргызстандын эң жогорку мамлекеттик сыйлыгы — I даражадагы "Манас" ордени менен сыйлады. Сыйлоо аземи бүгүн, 30-июлда Ысык-Көлдөгү "Рух-Ордо" маданий борборунда мамлекеттик сапардын алкагында өттү.

Мирзиёев сыйлыкка Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн татыды.

Ошондой эле эки өлкөнүн лидерлери бир катар эки тараптуу документтерге кол коюшту. Алардын эң негизгиси — Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы союздаштык мамилелер жөнүндө келишим болду.

Мындан тышкары, мамлекеттик чек аранын айрым тилкелери, "Чечме" булагын биргелешип пайдалануу, коргонуу, социалдык камсыздандыруу, пенсиялык камсыздоо, жогорку билим берүү тармагындагы кызматташтык, ошондой эле туризм, маданият, айыл чарба жана инвестиция багытындагы документтерге кол коюлду.

Бүгүн Ысык-Көлдө Борбор Азия мамлекет башчыларынын жана Азербайжандын президентинин консультативдик жолугушуусу да өтүүдө. Ага аймактагы өлкөлөрдүн лидерлери жана Азербайжандын президенти Илхам Алиев катышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: