Эксперт Владимир Лю Орусиядан ташыла турган күйүүчү май тууралуу пикирин айтты
"Евразия" АНО алдындагы ЭВМ борборунун эксперттик кеңешинин мүчөсү Владимир Лю Кыргызстандын Орусиядан күйүүчү-майлоочу май ташып келүүсү боюнча пикирин айтты.
Айтымында, Россиянын Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу материалдарды жеткирүү боюнча милдеттенмелери негизинен мурда түзүлгөн келишимдердин алкагында аткарылып келет. Жеткириле турган көлөмдөр жыл сайын такталып турганы менен, 2026-жылга карата Россия 100 миң тонна күйүүчү май жеткирүү милдетин өзүнө алган.
"Азыркы учурда Кыргызстанда ири курулуш долбоорлору жана жол куруу иштери жүрүп жаткандыктан, оор жүк ташуучу унаалар үчүн дизелдик күйүүчү майга болгон суроо-талап өсүшү мүмкүн. Ошондуктан өлкөгө кошумча көлөмдө күйүүчү май талап кылынса, бул боюнча өкмөт өзүнчө сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Кыргызстан менен Россиянын ортосунда күйүүчү майды бажы төлөмүсүз же жеңилдетилген шарттарда жеткирүү тууралуу келишим 2016-жылы түзүлгөн. Россия өзүндөгү экономикалык кыйынчылыктарга карабастан бул милдеттенмелерди аткарууну улантып жатканы Евразия экономикалык биримдигинин алкагындагы союздаштык келишимдерге жоопкерчиликтүү мамиле жасап жатканын көрсөтөт.
Албетте, Кыргызстан күйүүчү майды башка өлкөлөрдөн да сатып ала алат. Маселен, жакында эле Беларусь өлкөсүнөн күйүүчү май жеткирүү башталганы тууралуу маалыматтар чыккан. Бирок мындай жеткирүүлөрдүн баасы жогору болушу мүмкүн. Себеби Беларусь дагы нефтини Россиядан сатып алып, өзүнүн ташуу жана кайра иштетүү чыгымдарын баага кошот.
Кыргызстан үчүн Россия менен түзүлгөн жеңилдетилген келишим эң пайдалуу бойдон калууда. Башка өлкөлөр айрым жеңилдиктерди сунушташы мүмкүн, бирок Россиядагыдай шарттарды берүү кыйын. Биржадагы баалар боюнча сатып алынган күйүүчү май кымбатыраак болсо да, Россиядан жеңилдетилген шартта келген көлөмдөр өлкө үчүн экономикалык жактан дагы эле пайдалуу.
Айрым учурларда Кыргызстан Россиядагы мунай заводдорун кайра жабдуу же башка чыгымдарга байланыштуу кошумча төлөмдөрдү көтөрүшү мүмкүн. Ошентсе да бул чыгымдар башка мамлекеттерден жаңы коммерциялык келишимдер аркылуу күйүүчү май сатып алганга салыштырмалуу төмөн болушу ыктымал.
Дүйнөлүк рынокто нефть менен күйүүчү майдын баасы өсүп жаткан шартта ар бир мамлекет биринчи кезекте өзүнүн экономикалык кызыкчылыгын көздөйт. Ошондуктан экспорттоочу өлкөлөр мүмкүн болушунча кымбатыраак сатууга аракет кылышат.
Россия болсо ички рыноктогу туруктуулукту сактоо жана эл аралык милдеттенмелерин аткаруу үчүн жеке мунай компанияларынын экспортун айрым учурларда чектеп турат. Бул кадам мамлекеттин ички кызыкчылыктарын жана союздаш өлкөлөр алдындагы милдеттенмелерин тең салмактуу камсыздоого багытталган", - деген ал.
Эксперт Владимир Лю күйүүчү май тууралуу пикирин айтты
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















