super.kg logo

ИИМ кызматкерлери квалификациясын жогорулатуу курсунан өтүштү

 

Бүгүн, 3-августта Ички иштер министрлигинин Эксперттик-криминалисттик кызматында Орусиянын ИИМ адистери өткөргөн квалификацияны жогорулатуу курсун аяктаган кызматкерлерге сертификат тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Окуу Кыргызстандын жана Орусиянын ички иштер органдарынын эл аралык кызматташтыгынын алкагында уюштурулуп, соттук генетика, геномдук изилдөөлөр жана криминалистиканын заманбап технологиялары боюнча адистердин кесиптик даярдыгын жогорулатууга багытталды.

Иш-чарага ИИМ башчысынын орун басары Эркебек Аширходжаев катышты.

Салтанатта эки өлкөнүн кызматташтыгын өнүктүрүүгө салым кошкон Орусиянын ИИМинин Эксперттик-криминалисттик борборунун өкүлдөрү да сыйланды. Борбордун башчысы Вадим Казьмин "Кыргыз милициясына 100 жыл" юбилейлик медалы менен, ал эми адистер Максим Шанин жана Сергей Романов "Колдоо көрсөткөндүгү үчүн" медалы менен сыйланышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: