Таласта жаратылышты коргоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
Бүгүн, 3-августта Талас облусунда өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын, жайыт жерлерин жана экосистемдерди сактоо боюнча алдын алуу иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Жаратылыш министрлиги Таластын туристтик милициясы менен биргеликте рейд өткөрдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө туристтерге, эс алуучуларга жана жергиликтүү тургундарга автоунаалар жана эндуро-мотоциклдер менен жайыт аймактарында жүрүүнүн кесепеттери түшүндүрүлүп, экологиялык талаптарды сактоо, белгиленген каттамдар менен гана жүрүү жана жаратылышка аяр мамиле кылуу керектиги эскертилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















