Ким Кардашьяндын кызы Норт Уэст биринчи гастролун токтотту
Ким Кардашьян менен Канье Уэсттин 13 жаштагы кызы Норт Уэст дебюттук музыкалык гастролун токтотту. Буга билеттердин сатылышынын төмөн болгону себеп экенин чет элдик басылмалар кабарлашты.
Норт август айында АКШ шаарларында рэпер Молли Сантана менен биргелешкен Kimokawaii Tour аттуу концерттик сапарын баштамак. Бирок Даллас жана Торонто шаарларындагы алгачкы концерттер жокко чыгарылган.
Белгилей кетсек, Норт - Ким Кардашьян менен Канье Уэсттин улуу кызы. Мурун ал атасы менен бир нече жолу сахнага чыгып, экөөнүн биргелешкен Talking/Once Again аттуу ыры да бар. Ким Кардашьян менен Канье Уэст 2022-жылы расмий түрдө ажырашкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:00
2026-08-03
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















