super.kg logo

Дима Биландын концерти эмне үчүн чууга айланды? (видео)

 

31-июлда Москвадагы "ВТБ Аренада" өткөн Дима Биландын концерти көрүүчүлөрдүн нааразычылыгын жаратты. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Айрым күйөрмандар сахнанын бийиктигинен улам ырчыны көрө албай калганын айтып, уюштуруучулардан түшүндүрмө жана билет акчасын кайтарууну талап кылышкан. Алардын айтымында, фан-зонада турган көрүүчүлөр сахнадагы көрүнүштү көбүнчө чоң экрандар аркылуу гана көрүүгө аргасыз болушкан.

Нааразычылыкка бийик сахна конструкциясы жана чоң декорациялар себеп болгон. Дима Билан мындай сахналык чечим шоу үчүн атайын тандалганын билдирген.

"Мен үчүн ар бир көрүүчүнүн кайсы жерде отурганына карабай, концерттен толук таасир алышы абдан маанилүү. Биз бул кырдаалды команда менен бирге талдап жатабыз жана сөзсүз чечим табабыз", - деп жазды Билан социалдык тармактагы баракчасына.

Буга чейин ырчы концерттен кийин журналисттердин айрым суроолоруна нааразы болуп, аларды "дурацкие вопросы" (маанисиз суроолор) деп атаган. Ал журналисттер чыгармачылыкка көбүрөөк көңүл буруп, үстүртөн суроолорду аз бериш керектигин айткан.






Дима Биландын концерти эмне үчүн чууга айланды?

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: