Ариана Гранде карьерасында тыныгуу алат
Бүгүн, 3-августта Ариана Гранде карьерасында тыныгуу аларын билдирди. Бул тууралуу анын расмий өкүлү People басылмасына билдирген.
Маалыматка караганда, Ариана учурдагы гастролун татыктуу аяктап, андан кийин чыгармачылыкта тыныгууну пландап жатат. Буга күйөрмандарынын ырчынын салмагына байланыштуу тынчсыздануулары себеп болгон.
"Бул тур ал үчүн сонун тажрыйба болду. Ал күйөрмандарын жакшы көрөт жана ар бир чыгышынан ырахат алды", - деди ырчынын өкүлү.
Мындан тышкары Ариана Лондондогу Вест-Энд сахнасында коюлуучу Стивен Сондхаймдын "Воскресенье в парке с Джорджем" ( "Жорж менен парктагы жекшемби") мюзиклине катышуудан баш тартты. Ал спектаклде "Злая" тасмасындагы кесиптеши Жонатан Бэйли менен бирге сахнага чыгышы күтүлгөн.
Буга чейин Ариана Гранденин сырткы келбетине байланыштуу талкуулар анын "Petal" ырына тартылган клиби жарык көргөндөн кийин күчөгөн. Күйөрмандар ырчынын өтө арыктаганын айтып, ден соолугуна кабатыр болушкан.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















