АКШда токой өртүнөн улам 60 миңдей адам эвакуацияланды
АКШнын Вашингтон штатынын чыгыш бөлүгүндө, Спокан шаарына жакын аймакта токой өртү жайылып жатат. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат каражаттары жазышты.
Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн маалыматына караганда, өрттөн 600дөн ашык үй жана башка курулуштар жабыркаган. Учурда 60 миңге жакын тургун коопсуз жайларга көчүрүлдү. Жабыркагандар тууралуу маалымат түшө элек.
Буга чейин 1-2-августта Спокан аймагында болжол менен 21 чарчы чакырым токой жана башка аймактар күйүп кеткен. Жалпысынан штатта акыркы убактарда миң чарчы чакырымдан ашык аймак өрттөнгөн. Айрым өрттөрдү, анын ичинде Спокандын айланасындагы тилкелерди көзөмөлгө алуу азырынча мүмкүн боло элек.
Ошондой эле АКШнын батышындагы башка штаттарда - Айдахо, Юта жана Орегондо да ири өрттөр уланууда. Айдахо штатынын батышы менен Орегондун чыгышындагы талаа жана жайыттарда чыккан өрт 10 күндөн бери өчүрүлбөй жатат. Ал аймакта 1,36 миң чарчы чакырымга жакын жер күйгөн.
Адистердин айтымында, быйыл жайдагы аптаптуу ысык аба ырайы АКШ жана Европанын бир катар аймактарында токой өрттөрүнүн күчөшүнө себеп болууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















