Англия менен Уэльс Инфантинону колдоодон баш тартты
Англия жана Уэльстин футбол ассоциациялары Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) президенти Жанни Инфантинонун кайра шайланышын колдогон каттарын расмий түрдө кайтарып алышты. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат каражаттары билдирди.
Буга чейин Европанын футбол ассоциацияларынын союзуна (УЕФА) мүчө өлкөлөр Инфантинону колдогон каттарды жапырт кайтарып алууну пландап жатканы маалымдалган.
Бул жагдай ФИФА жаңы түзүмүнүн болжол менен 20% акциясын жеке инвесторлорго сатуу демилгесинен кийин күчөгөн. Кийин Жанни Инфантино бул пландан баш тартканын билдирген.
Ошого карабастан, УЕФА ФИФАнын жетекчилигине болгон ишеним азайганын айтып, аталган демилгенин авторлорун жоопкерчиликке тартуу ниетин жарыялаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:00
2026-08-03
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















