Омар Султанов Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси болуп дайындалды
Омар Султанов Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси, Женева шаарындагы БУУдагы жана эл аралык башка уюмдардагы өлкөнүн туруктуу өкүлү кызмат ордунан бошотулуп, Кыргызстандын Улуу Британия жана Түндүк Ирландиядагы элчиси болуп дайындалды.
Президенттин администрациясы кабарлагандай, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Айта кетсек, ал 2022-жылы май айында Женева шаарындагы БУУнун туруктуу өкүлү болуп дайындалган. Ошол эле жылдын ноябрь айында Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси болуп дайындалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















