Трамп: “АКШ Иран менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат”
АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын расмий билдирүүлөрүнө карабастан, Вашингтон менен Тегеран ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты.
Буга чейин Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Исмаил Багаи Ормуз кысыгы боюнча диалог Оман аркылуу гана уланып жатканын, АКШ менен түз сүйлөшүү жок экенин билдирген.
Трамп Truth Social социалдык тармагында: “Алар жолугушууну өздөрү суранып жатышат. Сүйлөшүүлөр башталды, жакын арада жаңы раунддар өтөт. Бирок ошол эле учурда ачык эле “АКШ менен эч кандай сүйлөшүү жүргүзгөн жокпуз, биз Оман менен гана иштеп жатабыз” деп айтып жатышат”, — деп жазды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:00
2026-08-03
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















