Катар, Египет жана Түркия Израилдин Газа тилкесиндеги аракеттерин айыпташты
Катар, Египет жана Түркия биргелешкен билдирүү жасап, Израилдин Газа тилкесиндеги ок атышууну токтотуу келишимин бузганын айыпташты.
Билдирүүдө Израилдин аракеттери Палестина анклавында ок атышууну токтотуу келишиминин экинчи этабын ишке ашыруу аракеттерин жокко чыгарары белгиленген.
"Бул бузуулар чыңалууну басаңдатуу коркунучун жаратат жана Газа тилкесиндеги жайкын тургундардын азабын күчөтөт. Ортомчулар жайкын тургундарды, медициналык мекемелерди жана гуманитардык кызматкерлерди толук коргоого, ошондой эле Газа тилкеси боюнча гуманитардык жардам менен медициналык каражаттарды тоскоолдуксуз жеткирүүгө чакырык ташташат",- деп айтылат анда.
Катар, Египет жана Түркия эл аралык коомчулукту Израилге эл аралык укукту жана ок атышууну токтотууну сактоо үчүн зарыл болгон кысым көрсөтүүгө чакырышкан.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















