Токиодогу зоопаркта 3 арстан өлдү
Токиодогу Тама зоопаркында бир жуманын ичинде 3 ургаачы арстан өлдү. Алардын өлүмүнө катуу ысык себеп болушу мүмкүн экенин зоопарктын администрациясы билдирген. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар маалымдашты.
Маалыматка караганда, июль айынын ортосунан тарта жаныбарлардын табити начарлап, кыймылы азайган. 22-июлга карата зоопарктагы 16 арстандын 10уна дарылоо талап кылынып, айрымдары өз алдынча тура албай, эс-учун жоготкон.
Жаныбарларды суу жана желдеткичтер менен муздатып, тамырына суюктук куюлуп, дары-дармектер берилген. Бирок 3 жаштагы Муги 28-июлда, 11 жаштагы Итиго 31-июлда, 15 жаштагы Луэна 2-августта өлгөн.
3 арстандын тең сөөгүн текшерүүдө организмдин суусуздануусу жана бир нече органдын иштебей калганы аныкталган.
Учурда дагы 3 арстандын абалы оор. Зоопарк 23-июлдан тарта арстандарды көрсөтүүнү жана алардын короосу боюнча экскурсиялык автобустун ишин токтоткон.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















