Испания: Сеутадан эч ким документтик текшерүүсүз чыга албайт
Испаниянын ички иштер министри Фернандо Гранде-Марласка Сеута автономиялуу шаарынан эч ким документтерди толук текшерүүдөн өтпөстөн чыга албай турганын билдирди.
Анын айтымында, бул талап Евробиримдиктин жарандарына да тиешелүү. Министр ошондой эле испан чалгын кызматы мындай масштабдагы миграциялык кризис тууралуу алдын ала эскертүү бербегенин айтты.
Июлдун аягында он миңдеген мыйзамсыз мигранттар Мароккодон Сеутага сүзүп өтүп жана жөө кирүүгө аракет кылышкан. Кризистин фонунда Испания коопсуздукту күчөтүү үчүн аскерлерди тарткан. Акыркы маалыматтар боюнча, Сеутага жетүүгө аракет кылган кеминде 75 адам каза болгон, ал эми мигранттардын басымдуу бөлүгү кайра Мароккого кайтарылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















