Европа Дүйнө чемпиондугунун өз версиясын уюштурууну карап жатат
Эгер ФИФАнын президенти Жанни Инфантино менен тирешүү улана берсе, анда УЕФА өнөктөштөр менен Дүйнө чемпиондугунун өз версиясын уюштурууну карап көрөт. Бул тууралуу британиялык басылмалар өз булактарына таянып жазышууда.
Басылмалар Европанын футбол федерациялары Инфантино кызматтан кетүүдөн баш тартып, келерки жылы ФИФАнын президенттик шайлоосуна катышууну көздөсө, анда көрүлө турган чаралар каралып жатканын белгилешүүдө.
Варианттардын катарында уюмдун чечим кабыл алуу механизмдерин бөгөттөө үчүн ФИФАнын жыйындарын бойкоттоо каралууда. Андан тышкары, эгер Инфантино дагы эле кызматтан кетүүдөн баш тартса, УЕФА жана анын өнөктөштөрү учурда ФИФАнын жоопкерчилигиндеги турнирлерге альтернативдүү турнирлерди уюштурууну жокко чыгарышпайт.
ЖМКлардын билдирүүлөрүнө ылайык, Түндүк, Борбордук Америка жана Кариб деңизинин футбол конфедерациясы (КОНКАКАФ) жана Азия футбол конфедерациясы (АФК) УЕФАны колдоого даяр. Андан тышкары, УЕФАдагы булак The Times басылмасына Түштүк Американын футбол конфедерациясы (КОНМЕБОЛ) да бул демилгени колдой турганын билдирген.
Эгерде Дүйнө чемпиондугу ФИФАсыз уюштурулса, анда Улуттар Лигасынын глобалдык версиясынын концепциясы негиз катары колдонулат деп болжолдонууда. Бул концепция Европада 2017-жылы иштелип чыккан, бирок кийинчерээк долбоордон баш тартылган.
Инфантино менен УЕФА, КОНКАКАФ жана АФКнын ортосундагы ачык тирешүү июль айында, ал Дүйнө чемпиондугун өткөрүү үчүн жеке инвесторлорду тартуу долбоорун ишке ашырууга аракет кылганда башталган. Пландын сынчылары Инфантино кирешени максималдуу түрдө көбөйтүү максатында футболдун, оюнчулардын жана күйөрмандардын кызыкчылыктарын этибарга алган эмес деп айыпташкан. Акыр-аягы, ФИФАнын президенти долбоордон баш тарткан, бирок бул анын каршылаштарынын анын кызматтан кетишин талап кылуусун токтото алган жок.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















