super.kg logo

Түндүк Корея АКШнын киберчабуулдар боюнча айыптоолорун четке какты

 

Бүгүн, 4-августта Түндүк Корея АКШ жана анын өнөктөштөрүнүн киберчабуулдар боюнча айыптоолорун негизсиз деп атады. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат агенттиктери билдиришти.

КЭДРдин Тышкы иштер министрлиги мындай билдирүүлөр өлкөнүн аброюна шек келтирип, ага карата басымды күчөтүүнү актоого багытталганын белгиледи.

Пхеньян ошондой эле дүйнөдөгү эң ири кибер мүмкүнчүлүктөргө ээ АКШнын башка мамлекеттерди киберкоопсуздукка коркунуч жаратууда деп айыпташын "логикага сыйбаган кадам" деп сындады.

Буга чейин АКШ, Түштүк Корея, Япония жана дагы 8 өлкө КЭДРди жасалма маалыматтарды жана жасалма интеллект технологияларын колдонуу менен чет өлкөлөрдө аралыктан иштеген кызматкерлерди жайгаштырып, андан түшкөн каражатты өлкөнүн ракеталык жана өзөктүк программаларын каржылоого жумшап жатат деп айыптаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: