Онколог химиотерапия тууралуу 3 негизги мифти жокко чыгарды
"СМ-Клиника" клиникасынын онкологу, маммолог жана химиотерапевт Магомед Сулиманов химиотерапия тууралуу кеңири тараган 3 жаңылыш түшүнүк боюнча айтып берди. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
1-миф - химиотерапия пайдасынан зыяны көп деген пикир туура эмес. Дарылоонун бул түрүнүн көтөрүмдүүлүгү ар бир адамда ар кандай болот. Мындан сырткары, колдонулган дарылоо схемасына жана организмдин өзгөчөлүгүнө жараша таасир этет. Химиотерапия учурунда жүрөк айлануу, алсыздык, баш айлануу, салмактын өзгөрүшү, жүрөк-кан тамыр системи же бөйрөккө байланыштуу терс таасирлер болушу мүмкүн. Бирок мындай кесепеттерди дарыгерлер көзөмөлдөй алышат.
2-миф - химиотерапиядан кийин чач сөзсүз түшөт деген түшүнүк. Сулимановдун айтымында, мындай терс таасир дарылоонун бардык схемаларында боло бербейт. Айрым учурда, мисалы, таргеттик препараттарды колдонууда чачтын түшүү коркунучун кыйла азайтууга болот.
3-миф - рак оорусун дарылоо учурунда эт жана таттуу азыктарды жегенге болбойт деген пикир. Дарылоо маалында организмге жетиштүү өлчөмдө белок жана энергия керек. Андыктан бейтаптардын рационунда күчтү сактоого жана дарылоодон кийин калыбына келүүгө жардам берген эт, канаттуулардын эти же балык болушу керек. Ал эми таттуу азыктарды ченеми менен колдонууга тыюу салынбайт.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















