super.kg logo

Ким Чен Ындын карындашы Японияга катуу эскертүү берди

 

Бүгүн, 5-августта Ким Чен Ындын карындашы Ким Ё Чжон Япониянын аскердик потенциалын мындан ары өнүктүрүүсүнө жол бербей турганын жана ага жооп иретинде кошумча аскердик чараларды көрөрүн билдирди. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат агенттиктери кабарлашты.

Ал Япониянын Тынч океанда алыс аралыкка учуучу "Tomahawk" канаттуу ракеталарын сыноосун сынга алып, Токионун аскердик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүсү коңшу өлкөлөргө, анын ичинде Түндүк Кореяга коркунуч жаратарын белгилеген.

Ким Ё Чжон өлкөсүнүн куралдуу күчтөрү Япониянын аскердик саясатына байланыштуу "кошумча аскердик чечимдерди" кабыл аларын эскертти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: