Молдованын президенти өлкө тургундарын энергоресурстарды үнөмдөөгө чакырды
Молдованын тургундары энергоресурстардын тартыштыгына туш болушу мүмкүн. Бул тууралуу өлкөнүн президенти Майя Санду бүгүн, 21-сентябрда билдиргендигин чет элдик басылмалар жазышты.
Анын айтымында, мүмкүн болгон үзгүлтүктөрдүн алдын алуу үчүн электр энергиясын, газды жана башка ресурстарды үнөмдөө зарыл.
Дүйшөмбү күнү Санду Улуттук коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү. Жыйындан кийинки брифингде ал Молдова суу, электр энергиясы, газ жана күйүүчү май менен камсыз болуусу үчүн бардык сценарийлерге даяр болушу керектигин белгиледи.
Ошондой эле Румыния менен 110 кВ электр өткөрүү линияларынын ишин камсыз кылуу, авария болгон учурда тез чара көрүү үчүн жабдууларды жана тетиктерди камдоо, ошондой эле мунай заттарынын авариялык резервин түзүү боюнча чечимдер кабыл алынганы айтылды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















