super.kg logo

Акылбек Жапаров Кыргыз-Орусия кызматташтыгы тууралуу айтты (видео)

 

Бүгүн, 5-августта Ысык-Көлдө өтүп жаткан Кыргыз-Орусия экономикалык форумунда Акылбек Жапаров өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү үчүн убакытты туура пайдаланып, маанилүү чечимдерди тез кабыл алуу зарылдыгын белгиледи.

Анын айтымында, буга чейин Wildberries платформасы жакшы мүмкүнчүлүк катары бааланганы менен, азыр компаниядагы көйгөйлөрдөн улам кыргызстандык ишкерлер зыян тартып, айрымдары банкрот болушууда.

"Wildberries аябай жакшы дедик эле, азыр эми Wildberries Орусияда жарылып, Кыргызстандын зээни кейип жатат. Кыргызстандын бизнесмендери банкрот болуп жатышат. Ошондуктан ушундай нерселерде бири-бирибизге жардам берип, кайсы жерде кемчилик кетип жатса, ошону тез арада оңдой турган өкмөт гана өлкөнү алдыга жылдыра алат",- деди Жапаров.

Ошондой эле ал энергетикалык ресурстарды Кыргызстанга жеткирүүнүн маанилүүлүгүнө токтолуп, Ормуз кысыгындагы мунай жана газды өлкөгө ким эртерээк алып келе алса, бул экономиканын өсүшүнө өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Мындан тышкары, Акылбек Жапаров 2025-жылдан тарта жыл сайын 1 миллиард долларга жакын инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу пландалганын билдирди. Инвестицияларды Орусиядан тышкары, Кытайдан жана башка өлкөлөрдөн тартуу менен бирге, жаңы технологияларды өздөштүрүп, жумуш орундарын түзүү зарылдыгын айтты. Ал мындан ары бул багытта иштерди ыкчам жүргүзүү керектигин кошумчалады.






Акылбек Жапаров кыргыз-орус кызматташтыгы тууралуу айтты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
06.08.2026. 02:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул кишинин жакындарынын бири Wildberries ден банкрот болгон окшойт, Орусиянын ичиндеги көйгөйгө кантип жардам бере алмак элең? Кыргызстандын ичинде банкрот болуп жаткан тигүү цехтерге жардам бер? көчөдө балам ооруп жатат деген тилемчи энелерге жардам бер! өзүңдүн башыңдагы төөнү көрбөй бирөөнүн башындагы чөптү көргөн кызык эле калкпыз, ошол эле Кытайдын товарын жаныңдагы базар аркылуу алгың келбей кай жактагы ортомчу Wild berries ге шилекейиң куюлуп чуркадың эле эми мына натыйжасы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: