Ошто түнкү клубдун жанында мушташкан жигиттер милицияга жеткирилди
Ош шаарында түнкү клубдун жанында мушташкан жети жаран милицияга жеткирилди. Шаардык милициянын маалыматына таянсак, окуя 19-сентябрда саат 21:00 чамасында болгон.
Бул күнү саат 17:00 чамасында түнкү клубга үлпөткө чейинки фуршетке эки топ жаштар келген. Алардын ортосунда келишпестик болуп, уруша кетишкен.
Натыйжада милицияга 18-23 жаштагы 7 жаран жеткирилген. Дагы бир жаран денесинен жараат алып Ош облустук ооруканасына кайрылган.
Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштерин жүргүзүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















