Аксыда соода-логистикалык борбору ачылды
Айыл чарба министрлиги 19-сентябрда Аксы районунда соода-логистикалык борбор ачылганын билдирди.Маалыматка караганда, аталган борбор мөмө-жемиш сактоого ылайыкташып, жылына 300 тоннага чейин продукцияны сактоо мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Ачылыш аземинде министрдин орун басары Рысгүл Акимжанова мындай борборлордун аймактардагы айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүдөгү маанилүү ролун белгиледи.
«Бул борбордун ишке киргизилиши жергиликтүү дыйкандар жана өндүрүүчүлөр үчүн продукцияны сактоо, сорттоо, таңгактоо жана экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түзөт.
Мындай долбоорлордун ар бири айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн рынокко чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана аймактарда жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган маанилүү кадам», - деди Акимжанова.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















