super.kg logo

Кыргызстандан 165 бала санариптик коопсуздук боюнча биринчи Жайкы диктантка катышты

 

Кыргызстандан 165 бала АНО «Евразия» тарабынан уюштурулган санариптик коопсуздук боюнча биринчи Жайкы диктантка катышты.

Кыргызстандан келген 165 окуучу Орусия жана КМШ өлкөлөрүнөн келген 800дөн ашуун мектеп окуучусу менен бирге маалыматтык коопсуздук боюнча биринчи Жайкы диктантты жазышты. Бул — ушул жайда АНО «Евразиянын» колдоосу менен башталган «Алдамчыларга каршы эмдөө» федералдык долбоорунун жаңы агартуу акциясы. Диктант 29-июлдан 1-августка чейин Бүткүл орусиялык «Смена» жана «Орлёнок» балдар борборлорунда өттү.

«Орлёнок» борборунда Кыргызстандагы 76 бала, ал эми «Смена» борборунда 89 бала катышты. Диктанттын алдында катышуучулар санариптик коопсуздуктун негиздери боюнча окуудан өтүштү. Бул аларга тапшырмаларды жакшыраак түшүнүүгө жана алган билимдерин иш жүзүндө ишенимдүү колдонууга жардам берди.

Акциянын расмий ачылышын АНО «Евразиянын» Камкорчулар кеңешинин мүчөсү, Орусия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын төрагасынын орун басары Борис Чернышов жасады.

«Бүгүнкү күндө алдамчылар чоңдорду гана эмес, балдарды да алдоого көбүрөөк аракет кылып жатышат. Алар оюндарды, социалдык тармактарды, мессенджерлерди, жеңил акча табуу убадаларын жана өспүрүмдөрдүн ишенимине негизделген психологиялык ыкмаларды колдонушат. Ошондуктан санариптик коопсуздукту жол кыймылынын эрежелери же алгачкы медициналык жардам сыяктуу эле системалуу түрдө окутуу зарыл. Биринчи Жайкы диктант балдарды коркунучтарды өз убагында таанууга, туура чечим кабыл алууга жана интернеттеги этияттык өздөрүн гана эмес, бүтүндөй үй-бүлөсүн да коргой аларын түшүнүүгө үйрөтөт. Бүгүн мындай билим коопсуздук маданиятынын ажырагыс бөлүгүнө айланды», — деди Борис Чернышов.

Диктанттын методикасы ПСБ банкынын, Росфинмониторингдин жана Роспатриотборбордун эксперттери менен биргеликте иштелип чыккан. Акциянын өзгөчөлүгү — анын эл аралык форматта өтүшү болду. Орусиялык окуучулар менен катар КМШ өлкөлөрүнөн келип, Орусиянын балдар борборлорунда эс алып жаткан балдар, анын ичинде АНО «Евразиянын» флагмандык программаларынын катышуучулары да диктантка катышышты.

Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин профессору Михаил Федоров белгилегендей, «Алдамчыларга каршы эмдөө» долбоору КМШ өлкөлөрүндө жана башка мамлекеттерде мектеп окуучуларынын мектептеги жана интернет мейкиндигиндеги коопсуздугун камсыздоо боюнча аракеттерди күчөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

«Бул демилге жаштарды маалыматты сын көз менен талдоого, кибермейкиндиктеги алдамчылыкка каршы санариптик куралдарды колдонууга үйрөтөт. Ошондой эле санариптик технологиялар алардын өнүгүүсүнө кандай пайда алып келерин жана кайсы учурларда зыян келтирүү тобокелдигин күчөтөрүн түшүнүүгө жардам берет. Медиа жана маалыматтык сабаттуулукту өнүктүрүү аркылуу жаштар санариптик коопсуздук боюнча билимди түзүү жана жайылтуу процессинин активдүү катышуучуларына айланышат», — деди ал.

«Алдамчыларга каршы эмдөө» федералдык долбоору — балдардын жана жаштардын санариптик сабаттуулугун жогорулатууга багытталган комплекстүү билим берүү программасы. Долбоор алдамчылык схемаларын таанууга, социалдык инженерияга каршы турууга, жеке маалыматтарды коргоого жана санариптик чөйрөдө коопсуз жүрүүгө үйрөтөт.

Жайкы диктант бул иштин биринчи этабы болду. Ал эми сентябрь айында мектеп окуучулары жана студенттер үчүн Санариптик коопсуздук боюнча Евразиялык диктант өтөт.

Маалымат үчүн:

АНО «Евразия» — жеке каражаттардын эсебинен эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшкөн автономдуу коммерциялык эмес уюм. Уюмдун негизги максаты — ар кандай курактагы жана кесиптеги адамдарды бириктирип, салттуу баалуулуктарды, тарыхый эстутумду жана Евразия элдеринин жалпы маданий кодун сактоо.

«Евразиянын» программалары билим берүү, медицина, маданият, ыктыярчылык жана кайрымдуулук сыяктуу ар кыл багыттарды камтыйт. Флагмандык долбоорлор орус тилинин континенттеги маданияттар аралык диалогдун маанилүү каражаты катары ролун чыңдоого көмөктөшөт.

Уюм ар кайсы өлкөлөрдөн келген балдарга, үй-бүлөлөргө жана жаштарга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, мугалимдердин, дарыгерлердин, журналисттердин, окумуштуулардын жана эксперттердин кесиптик коомчулуктарын өнүктүрөт. Ошондой эле экологиялык, ыктыярчылык жана гуманитардык миссияларды ишке ашырат. Акыркы эки жыл ичинде «Евразиянын» демилгелерин дүйнөнүн 53 өлкөсүнөн 300 миңден ашуун адам колдогон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: