Марлен Маматалиев Тоң районунун 90 жылдыгына арналган иш-чарага катышты
Кечээ, 8-августта Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Ысык-Көл облусунун Тоң районунун түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Мааракенин алкагында райондун тарыхы, жаратылышы, жетишкендиктери жана келечектеги өнүгүү багыттары тууралуу тасма көрсөтүлүп, Тоң жергесинин тарыхын, каада-салтын, маданий мурасын жана көрүнүктүү инсандарын чагылдырган театрлаштырылган программа тартууланды.
Сөз сүйлөгөн Марлен Маматалиев Тоң району кыргыз элинин руханий дүйнөсүнө, маданиятына жана мамлекеттүүлүгүнө зор салым кошкон залкар инсандарды тарбиялап чыгарган куттуу аймак экенин белгиледи.
Ал Тыныбек, Деңизбай, Саякбай, Мамбет, Каба сыяктуу Тоң өрөөнүнөн чыккан залкар манасчылар «Манас» эпосун сактап, кийинки муундарга жеткирүүгө чоң салым кошконун айтты.
Тоң районунун 90 жылдыгына арналган мааракелик иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, райондун тургундары, ардактуу коноктор жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















