Бишкектин кымбат делген районунда аялдама ордуна отургуч
Бишкек шаарынын Октябрь районундагы Көк-Жар айылынын тургундары коомдук транспорттун аялдамасынын жоктугуна нааразы болушууда.
Тургундун айтымында, аталган аймакта автобусту күтүү үчүн атайын шарт түзүлгөн эмес. Жүргүнчүлөр отуруп күтө турган жалгыз нерсе - жөнөкөй отургуч. Аны жергиликтүү тургундар жолдун бир тарабынан экинчи тарабына улам жылдырып турушат.
Тургун аялдама жоктугун белгилеп, мэрия бул аймакка жолдун эки тарабына тең аялдама орнотуп, жүргүнчүлөр үчүн шарт түзүп бериши керектигин айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















