500 сомго унаа. Социалдык тармактардагы каалаган утуш оюндарын кантип текшерсе болот?
Мыйзамдуу утуш оюндарын куру убададан алты суроо аркылуу айырмалоого болот. Бул суроолордун жоопторун уюштуруучу сиз акча төлөй электе эле жарыялоого милдеттүү.
Кооз жасалгаланган өздүк баракча лентасына унаа ойнотууну жарыялайт. Шарттары жөнөкөй: баракчага жазылуу, үч досуңузду белгилөө жана «уюштуруу чыгымдары үчүн» 500 сом которуу. Посттун алдында миңдеген пикирлер, стористерде болсо колуна унаанын ачкычын кармаган мурунку «жеңүүчүлөрдүн» кубанычтуу сүрөттөрү жарыяланган. Баракчада утуш оюндарын ким жана кандай негизде өткөрүп жатканы тууралуу айтылбайт.
Ишенип чечим кабыл алууда адамдар көңүл бурган баардык нерселерди жасоо кыйын эмес: пикирлерди көбөйтүп коюуга болот, оң пикирлерди жапырт жаздырып алышат, ал эми баракчанын жасалгасын бир эле кечте көчүрүп жасоого мүмкүн. Мыйзамсыз утуш оюндары кандай иштей турганын жана акча которуудан мурун эмнелерге көңүл буруу керектигин карап көрөлү.
Мындай баракчалар кайдан пайда болот?
Instagram'да утуш оюндарын уюштурууну каалаган ар бир адам баштай алат. Бул үчүн аккаунт, акча которуу үчүн банк картасы жана чындыгында жок болушу да мүмкүн болгон байгенин сүрөттөрү эле жетиштүү. Кеңсе да, кызматкерлер да, атайын уруксат да талап кылынбайт — кеткен чыгымдар алгачкы жүз катышуучудан эле акталып калышы мүмкүн.
Финкөзөмөл мындай баракчаларды туруктуу түрдө аныктап келет. 2025-жылдын октябрь айында мекеме Instagram жана YouTube платформаларында мыйзамсыз лотереялык ишмердүүлүктүн он фактысы аныкталганын билдирген. Ал эми декабрь айында мындай белгилери бар он жети өздүк баракчалардын тизмесин жарыялаган. Ошол эле жылдын жай айларында автоунааларды ойнотуп жаткан баракчалар боюнча материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.
Мындай жагдайлардын аягы эмне менен бүтөрүн жөнгө салуучу орган ачык эле белгилейт: убада кылынган байге берилбей калат, акча паспорттук маалыматтар менен кошо жоголот, ал эми мыйзамсыз утуш оюндарына жашы жете электер да тартылат.
«Сиз уттуңуз» дегенден кийин эмне болот?
Негизги көрүнүш утуш оюну аяктагандан кийин башталат. Адегенде жеңүүчүдөн өздүгүн ырастоо үчүн паспортунун сүрөтүн жөнөтүү талап кылынат. Андан кийин байге кампада турганы айтылып, жеткирүү акысын төлөө сунушталат. Кийинчерээк салык, банктын комиссиясы же ташууну камсыздандыруу үчүн дагы төлөмдөр чыгат. Андан кийин салык, банктын комиссиясы же жеткирүүнү камсыздандыруу үчүн кошумча төлөмдөр чыгат. Ар бир сумма өзүнчө чоң эмес көрүнөт, ар бирине жүйөлүү түшүндүрмө берилет. Ар бир кадам сайын адамга артка кайтууга кеч болуп калгандай сезилет, анткени буга чейин эле акча коротуп койгон болот.
Мындай схемада байге эч качан берилбейт Натыйжада паспорттук маалыматтарыңыз бөтөн адамдардын колуна өтүп, акчаңыз кимге таандык экени белгисиз болгон банк картасына бир нече жолу которулуп кеткен бойдон калат.
Мындай алдамчылыкты алдын ала байкоого мүмкүн болгон негизги белги бирөө гана: мыйзамдуу утуш оюнунун байгени тапшыруу тартиби иш-чара башталганга чейин эле жарыяланат жана анда «кошумча төлөм жүргүзүү» деген талап болбойт. Уюштуруучу жеңүүчүдөн уткандыгы үчүн эч кандай кошумча акча талап кылбайт.
Акча которуудан мурун эмнелерди текшерүү керек?
Жөнгө салуучу орган жарыялаган тизмелер көбүнчө кечээги көрүнүштү гана чагылдырат: Анткени мыйзамсыз схеманы аныктап, тизмеге киргизгенче эле уюштуруучулар акчаны чогултуп үлгүрүшөт, ал эми жабылган баракчанын ордуна болсо башка аталыштагы, бирок ошол эле сүрөттөрдү колдонгон жаңы өздүк баракча пайда болот. Ошондуктан акча которуудан мурун өзүңүзгө төмөнкү алты суроону берип көрүңүз.
Уюштуруучу ким?
Баракчада администратордун аты жана никнейми гана эмес, юридикалык жак да көрсөтүлүшү керек. Мыйзамга ылайык, лотереянын шарттарында уюштуруучунун дареги, банктык реквизиттери жана СТНи (ИНН) көрсөтүлөт. Ал эми өздук баракчанын аталышынын өзү эле анын ишенимдүү экенин билдирбейт.
Утуш оюну кандай негизде өткөрүлүп жатат?
Баары утуш оюнунун кандай экендигинен көз каранды. Эгер бул дүкөндүн же бренддин акциясы болсо — ал стимулдаштыруучу лотерея болуп эсептелет жана ага Финкөзөмөлдүн уруксаты талап кылынат. Эгер лотереялык билеттер сатылса — бул кесиптик лотерея болуп саналат, жана аны Министрлер Кабинетинин токтому менен түзүлгөн уюштуруучу гана өткөрүүгө укуктуу: азыркы учурда мындай уюштуруучу — «Кыргызлото». Тираждарын аны менен түзүлгөн келишимдин негизинде операторлор өткөрүшөт.
Толук эрежелер жарыяланганбы?
Утуш оюнунун шарттарын жарыялоо — уюштуруучунун каалоосу эмес, мыйзамда белгиленген талап. Анда он эки пункт камтылышы керек, алардын ичинде өткөрүү мөөнөтү, утуш оюнунун тартиби жана утушту алуу жол-жобосу көрсөтүлүшү керек. Катышуучу акча төлөгөндөн кийин сторис аркылуу шарттарды айтып берүү толук эрежелерди жарыялоо болуп эсептелбейт.
Катышуу үчүн кошумча акча сурашабы?
Стимулдаштыруучу лотереяда катышуу үчүн өзүнчө акы алынбайт. Мыйзамга ылайык, катышуу товарды же кызматты сатып алуу аркылуу гана камсыздалат жана андан тышкары кошумча төлөм талап кылынбайт. Ал эми кесиптик лотереяда тескерисинче билет акы төлөнүп сатып алынат, бирок бул — алдын ала жарыяланган шарттары бар билеттин баасы, «уюштуруу чыгымдары» деген шылтоо менен кошумча алынган төлөм эмес
Ошондуктан «500 сом которуңуз» деген талап бул эки учурда тең мыйзамдын талаптарына туура келбейт.
Жеңүүчү кантип аныкталат?
Мыйзамдуу лотереяда жеңүүчүнү кеминде үч адамдан турган комиссия аныктайт. Анын курамына мамлекеттик органдардын жана коомчулуктун өкүлдөрү кирет. Жыйынтыгы боюнча протокол түзүлүп, жөнгө салуучу органга жөнөтүлөт. Жыйынтыгы он күндүн ичинде жарыяланууга тийиш. «Жеңүүчүнү туш келди тандайбыз, директке жазабыз» деген билдирүү мыйзамдуу утуш оюнун өткөрүү тартиби болуп эсептелбейт.
Белек качан жана кандай тартипте берилет?
Мыйзамдуу лотереяда утушту берүү тартиби алдын ала жарыяланган шарттарда так көрсөтүлөт: жеңүүчү канча убакыттын ичинде кайрылышы керек, кандай документтер талап кылынат жана утуш кайсы мөөнөттө берилет. Мыйзам боюнча билетти көрсөтүүгө үч айдан кем эмес убакыт берилет, ал эми утуш он күндүн ичинде тапшырылышы керек. Эгер баракчада бул тууралуу маалымат жок болсо, кийин жоопкерчиликти талап кыла турган тарапты табуу кыйын.
Бир суроого жооптун жоктугу дароо эле мыйзам бузуу дегенди билдирбейт. Бирок үч-төрт суроо жоопсуз калса, акча которуудан баш тартууга олуттуу негиз бар.
Эгер шектүү утуш оюнуна туш болсоңуз, бул тууралуу Финкөзөмөлгө үч жол менен билдирсеңиз болот: (0312) 66 29 85 телефону аркылуу, fsa@fsa.gov.kg электрондук почтасына кат жөнөтүү менен же fsa.gov.kg расмий сайты аркылуу.
Мыйзамдуу утуш оюндары кандай уюштурулат?
Жогорудагы алты суроонун баарына жооп кандай болушу керектигин түшүнүү үчүн мыйзамдуу лотереянын кандай уюштуруларын карап көрүү жетиштүү. Кыргызстанда мыйзамга ылайык лотереялар кесиптик лотереялар деп аталат. Аларды өткөрүүгө Министрлер Кабинетинин токтому менен түзүлгөн юридикалык жак гана укуктуу. Азыркы учурда өлкөдө мындай укукка ээ жалгыз мамлекеттик ишкана — «Мамлекеттик лотерея компаниясы» -«Кыргызлото» эсептелинет.
Тираждарды уюштуруучу менен келишимдин негизинде иштеген операторлор өткөрүшөт. «Байлото» — ошол операторлордун бири, аны менен келишим 2025-жылдын октябрь айында он жылдык мөөнөткө түзүлгөн. Оператордун макамын «Байлотонун» расмий баракчасынан текшерүүгө болот. Ал эми бул тармакты көзөмөлдөө ишин Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы Базарын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы жүргүзөт.
Белектерди өз алдынча ойнотуп жаткан өздүк баракчалар бул системага кирбейт, ошондуктан мамлекеттик жөнгө салуу маанилүү. Ал оюнду толугу менен коопсуз болушуна кепилдик бербейт, бирок текшерүүгө мүмкүн болгон тартипти жана жоопкерчилик жүктөй турган тараптын болушун камсыздайт.
Кесиптик лотереянын иштөө тартиби, катышуу эрежелери жана учурдагы утуш оюндары тууралуу кененирээк маалыматты «Байлото» — Кыргызстандын кесиптик лотереясынын расмий сайтынан жана Instagram'дагы @bayloto.kg расмий баракчасынан алууга болот. «Байлотонун» башка расмий каналдары жок. Кесиптик лотереянын уюштуруучусу — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен түзүлгөн «Мамлекеттик лотерея компаниясы» («Кыргызлото») мамлекеттик ишканасы.
Оператору — «ГЛП» ЖЧКсы («Байлото»), Укуктук негиздөөчү документ: 2025-жылдын 30-октябрындагы №19 келишим, колдонуу мөөнөтү — 10 жыл. Лотереялык ишмердүүлүктү жөнгө салуучу орган — Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы Базарын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы. Катышууга 18 жаштан жогорку жарандар гана укуктуу.
кошулду
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















