«Росатом» менен Россия-кыргыз өнүгүү фонду инвестициялык долбоорду ишке ашырууну колдоо боюнча келишимге кол коюшту
Кыргызстандын Ысык-Көл облусунда шамал электр станциясын куруу боюнча долбоорлоо иштери башталды.

2026-жылдын 6-августунда VIII Кыргыз-россия экономикалык форумунда (Ысык-Көл облусунун Бостери айылында) «НоваВинд Кыргызстан» ЖЧКсы («Росатом» мамлекеттик корпорациясынын «кайра жаралуучу энергия» дивизионуна кирет) жана Россия-кыргыз өнүгүү фонду (РКӨФ) Кыргызстандын Ысык-Көл облусунда шамал электр станциясын куруу жана эксплуатациялоо боюнча инвестициялык долбоорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча келишимге кол коюшту.
Документке «НоваВинд Кыргызстан» ЖЧКсынын башкы директору Дмитрий Андреев менен Россия-кыргыз өнүгүү фондунун (РКӨФ) башкармасынын төрагасы Артем Новиков кол коюшту.
«Бул келишим «Росатомдун» шамал паркын куруу боюнча Кыргызстандагы биринчи долбоордун бир бөлүгү болуп саналат. «Росатом» долбоорлоодон жана куруудан баштап кийинки эксплуатацияга чейин шамал энергиясы долбоорлорун иштеп чыгуучу болуп саналат. Курулушка керектүү алгачкы тетиктер Республикага жеткирилип берилген. Финансылык институттардын колдоосу жана жакшы тандалган каржылоо модели өлкөнүн инвестициялык климатын калыптандыраарына мен ишенем. Долбоорлоодон баштап эксплуатациялоого, «жашыл» энергия объектилерин курууга чейин инвестиция салууга даяр турган «Росатом» сыяктуу ири оюнчуларды Кыргызстанга тартылып жатышы муну тастыктап турат», - деп белгиледи Дмитрий Андреев.
«Тараптардын келишимге кол коюушу Кыргыз Республикасы үчүн бул инвестициялык долбоорду ишке ашырууга болгон кызыгуусун көрсөтүүдө. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду өлкөнүн энергетикалык туруктуулугун чыңдоо, инвестицияларды тартуу жана Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы өнөр жай кооперациясын кеңейтуу үчүн кайра жаралуучу энергетиканы өнүктүрүүнү маанилүү багыт катары көрөт» - деди, Артем Новиков.
Маалымат үчүн:
“Росатом” мамлекеттик корпорациясынын “Кайра жаралуучу энергия” дивизиону ("Росатомдун кайра жаралуучу энергия" АКнун - башкаруучу компаниясы) шамал энергетикасы долбоорлорунун интегратору болуп саналат, шамал электр станцияларын (ШЭС) долбоорлоодон баштап аларды техникалык тейлөөгө чейинки маселелердин толук спектрин натыйжалуу чечет. Волгодонскдогу «Атоммаш» заводунун базасында 2,5 МВт кубаттуулуктагы шамал электр жабдуусу үчүн ступицаларды, гондолдорду, генераторлорду жана муздатуу системаларын чыгаруу ишин уюштурду. Бүгүнкү күнгө карата 1,3 ГВттан ашык шамал энергиясынын кубаттуулугу ийгиликтүү ишке киргизилди, бул Россиянын түштүгүндөгү он шамал электр станциясы. 2028-жылга чейин «Росатом» жалпы кубаттуулугу 2 ГВт болгон шамал электр станцияларын ишке киргизүүнү пландаштырууда (буга чейин ишке киргендерди кошкондо), бул дивизиондун Россиянын рыногундагы кайра жаралуучу энергия булагынын лидери болушуна мүмкүндүк берет.
Кыргыз Республикасынын аймагында, бул долбоорду - өлкөдө каттоодо турган, аймакта кайра жаралуучу энергия долбоорлорун куруу үчүн атайын түзүлгөн юридикалык жак - «НоваВинд Кыргызстан» ЖЧК ишке ашырууда («Росатомдун» «Кайра жаралуучу энергия» дивизионуна кирет).
Россия-кыргыз өнүгүү фонду 2014-жылдын 24-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын ортосундагы «Россия-кыргыз өнүгүү фонду жөнүндө» келишимге ылайык түзүлүп, иш алып барууда. Өнүгүү фонду Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине интеграциялоо процессинде негизги инструмент болуп саналат. Өнүгүү фондунун максаты - Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты бекемдөө, кыргыз экономикасын модернизациялоо жана өнүктүрүү, ошондой эле тараптардын Евразия экономикалык интеграциясына катышуусунан келип чыккан мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдалануу болуп саналат.
Россия достук мамиледеги мамлекеттер менен кызматташууну активдүү өнүктүрүп жатат. Тышкы чектөөлөргө карабастан, ата мекендик экономика өзүнүн экспорттук потенциалын жогорулатып, дүйнө жүзү боюнча товарларды, кызматтарды жана чийки заттарды жеткирүүдө. Ири эл аралык энергетикалык долбоорлорду ишке ашырылууну улантууда. «Росатом» жана анын дивизиондору бул ишке жигердүү катышууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















