Трамп Ирандын аракеттерин "чымын чаккандай" да көрбөйбү?
Иран Ормуз кысыгында кемелердин өтүшүнө чектелүү гана тоскоолдуктарды жарата алат. Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп Ак үйдө журналисттерге билдирди.
"Анча чоң эмес кыйынчылыктар бар. Мисалы, алар мезгил-мезгили менен мина коюшу мүмкүн, биз аны тазалап коёбуз. Биз ал жактан мурда миналарды тазалаганыбызды уккандырсыздар",- деди ал.
Америкалык лидер АКШ Ормуз кысыгын көзөмөлдөй турганын жана Иран деңиз блокадасында экенин айтты.
"Биз кысыкты 100 пайыз көзөмөлдөйбүз",- деген Трамп: "Ирандыктар кандайдыр бир көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүнбү? Ооба, жарата алышат. Бирок алар банкрот, алардын акчасы жок. Мунун баары кандай болорун көрөбүз",- деп кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















