Аида Салянова илим министрине кулак кагыш кылды
Кыргыз шахмат союзунун президенти Аида Салянова жогорку окуу жайлардагы спорт факультеттерине кабыл алууну кайра карап чыгуу керектигин айтты.
Ал мушкерге деле, балбанга деле, шахматчыга деле бирдей физикалык нормативдер каралганын билдирип, шахмат физикалык күчтү талап кылбаган спорт экенин эске салды.
"Шахматчылар ал нормативдерди тапшыра албагандыктан өтпөй калып жатышат. Бул деген акылга сыйбаган нерсе. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректору менен жолугам деген оюм бар. Анан илим министрине дагы кулак кагыш кылайын деп жатам",- деди Салянова кайрылуусунда.
Аида Салянова илим министрине "кулак кагыш" кылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















