Анкара согуштук кемелердин Кара деңизге өтүшүнө уруксат бербейт
Түркия согуштук кемелердин Кара деңизге өтүшүнө уруксат берүүнү көздөбөйт. Бул тууралуу өлкө өкмөтүндөгү булак РИА Новости агенттигине билдирген.
Буга чейин Түркиянын өкмөтчүл Türkiye гезити НАТОго мүчө айрым мамлекеттер Анкарага Босфор жана Дарданелл кысыктары аркылуу аскер-деңиз флотторунун өтүүсүн жеңилдетүү үчүн басым жасап жатканын жазган.
Басылманын маалыматына караганда, бул маселе Украинадагы жаңжалга жана кеме каттамдары үчүн жаралган тобокелдиктерге байланыштуу өзгөчө мааниге ээ болуп жатат.
“Согуштук кемелер Түркиянын кысыктары аркылуу өткөрүлбөйт. Анкара Монтрё конвенциясынын талаптарынын сакталышын кылдат көзөмөлдөп, аны айланып өтүүгө жол бербейт. Түркия согуштук кемелердин кысыктар аркылуу өтүшүн жөнгө салган эл аралык милдеттенмелерин так сактоону улантат”,- деп билдирген булак.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















