super.kg logo

Япония Украинаны өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланып жатабы?

 

Бүгүн, 11-августта, Орусиянын Мамлекеттик Думасынын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Светлана Журова Япония Украинаны аскердик технологияларын сыноо үчүн аянтча катары карашы мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу ал орусиялык басылмаларга берген маегинде айткан.

Журова Токионун мындай кызыкчылыгы Кытайдын технологиялык өнүгүүсү менен байланыштуу деп эсептейт. Анын айтымында, Япония технология жаатындагы артта калуусун кыскартууга аракет кылууда.

"Көптөгөн өлкөлөр, анын ичинде Япония, Украинаны өз технологияларын сыноо үчүн аянтча катары карашат. Анткени бул жерде өз аймагында жасай албаган нерселерди жасап көрүүгө болот", - деген ал.

Ошондой эле депутат Япония Украинага көрсөткөн колдоосунда өзүнүн экономикалык кызыкчылыктарын көздөп жатат деп белгиледи.

Эске салсак, 18-июлда Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко Япониянын украиналык дрон иштеп чыгуучулар менен кызматташуусун сынга алып, аны Орусияга каршы аракеттерге көмөк көрсөтүү катары баалаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: