super.kg logo

ТикТоктогу түз эфир чатагы: Блогер аял ооруканага жаткырылды (видео)

 

Казакстандын Жамбыл облусунда ТикТокто "Алтын кыз" деген ат менен белгилүү Лайло Касымова психикалык ден соолук борборуна жаткырылды. Бул тууралуу Казакстандын маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, аял түз эфирлерде адепсиз сөздөрдү колдонгону үчүн буга чейин бир нече жолу административдик жоопкерчиликке тартылган. Эскертүүлөргө карабастан, мындай аракетин улантып, түз эфирде жашы жете элек балдарына карата да орой сөздөрдү колдонгону айтылууда.

Полиция жана камкордук органдары балдардын жашоо шартын текшерип, учурда алар атасынын көзөмөлүндө экенин билдиришти.

"Тез жардам" кызматкерлери кароодон өткөргөндөн кийин Касымова Жамбыл облустук психикалык ден соолук борборуна жаткырылып, учурда дарыланууда.

Буга чейин Казакстандын ИИМи өлкө боюнча 20дан ашуун стример жоопкерчиликке тартылганын маалымдаган.






ТикТоктогу түз эфир чатагы: блогер аял ооруканага жаткырылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: