Эдуард Кубатов Корумду чокусунда жоголгон альпинисттер боюнча билдирүү таратты (видео)
Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Эдуард Кубатов Корумду чокусунда дайынсыз жоголгон альпинисттер боюнча расмий билдирүү таратты.
Анын айтымында, мындан 4 күн мурун Беларустун альпинисттер федерациясынын президенти Александр Годлевский дайынсыз жоголгон альпинисттерди издөө боюнча Кыргызстанга кайрылган. Кайрылуудан кийин альпинисттерди издөө иштерине өлкөнүн ИИМ жана ӨКМ куткаруучулары, Коомдук альпинистерди куткаруу кызматы тартылган.
"Аба ырайынын начарлашы издөө иштерин кыйындатып жатат. Бүгүнкү күндө керектүү жабдуулары менен тажрыйбалуу дрон операторун тарттык. Анын жардамы менен альпинисттердин болжолдуу жайгашкан жерин аныктоого аракет кылабыз. Алардын жайгашкан жери аныкталгандан кийин куткаруу иштери жүргүзүлөт",- деди Кубатов.
Эдуард Кубатов Корумду чокусунда дайынсыз жоголгон альписттер тууралуу билдирүү таратты
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















