Абактын башчысы унаасына салып... Аскат Жетиген эркиндикке чыкты
Бүгүн, 19-августта акын Аскат Жетиген үч жылдык абак жазасын өтөп бүткөндүгүнө байланыштуу эркиндикке чыкты. Бул тууралуу укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова билдирди.
Ал акынды №27 абактын башчысы унаасы менен Чоң Чүй каналынын аймагына таштап кеткенин белгиледи.
"Адвокат, үй-бүлөсү жана достору Аскат Жетигенди тосуп алуу үчүн абакка эртең менен барышкан. Бирок акын ал жерде жок болуп чыккан. Колония башчысы аны эртең менен алып кеткен. Түрмө башчысы Аскатты Чоң Чүй каналынын аймагындагы бир жерге калтырып кеткен. Аскатты ал жактан адвокаты Акынбек Ногоев тапкан", - деп жазды ал соцтармактагы баракчасына.
Эске салсак, Аскат Жетиген 2024-жылдын 20-мартында кармалып, Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынган. Ал “Массалык баш аламандыктар” жана “Бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренелери боюнча айыпталган.
Ошол жылдын 1-июлунда Свердлов райондук соту аны “Бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренеси менен күнөөлүү деп таап, 3 жылга эркиндигинен ажыраткан. Ал эми “Массалык баш аламандыктарга чакыруу” беренеси боюнча сот аны актаган.
Ал апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылган болчу. Ал эми Бишкек шаардык соту апелляциялык арызды карап, Свердлов райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган. Жогорку сот да биринчи жана экинчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















