Орусия менен Украина аскер туткундарын алмашты
Бүгүн, 19-августта, Орусия менен Украина "103кө 103" формуласы боюнча аскер туткундарын алмашты. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги чет өлкөлүк маалымат каражаттарына билдирди.
Маалыматка ылайык, Орусия 103 аскер кызматкерин туткундан кайтарып алды. Өз кезегинде украин тарапка Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн 103 аскер кызматкери өткөрүлүп берилди.
Орусияга кайтарылган аскер кызматкерлери учурда Беларустун аймагында. Аларга медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүлүүдө.
Алмашуу гуманитардык ортомчулук аракеттердин негизинде ишке ашып, ага Бириккен Араб Эмираттары көмөк көрсөткөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:43
2026-08-19
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















