Израилдин Сирияга соккусу Түркия менен кагылышуу коркунучун жаратты
Израилдин Сириядагы Абу-эд-Духур авиабазасына жасаган аба соккусу Түркия менен түз аскердик кагылышуу коркунучун жараткан. Бул тууралуу бүгүн, 19-август күнү АКШнын Түркиядагы элчиси жана президент Дональд Трамптын Сирия жана Ирак боюнча атайын өкүлү Томас Баррак The Jerusalem Post басылмасына берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, Идлиб провинциясындагы Абу-эд-Духур авиабазасы Түркиянын чек арасынан болжол менен 70 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Шейшемби күнү базага абадан сокку урулган. Кийинчерээк Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун кеңсеси билдирүү таратып, сокку үчүн Израилдин жоопкерчилигин иш жүзүндө тастыктаган.
Израил Сирия Түркиянын аскерлерин бул авиабазага жайгаштырууга уруксат берип, учурдагы статус-квону бузууга аз калганын билдирген.
Баррактын айтымында, түрк аскерлери Израилдин учактары базаны бутага алып бара жатканын билген эмес. Ошондуктан алар өздөрүнө коркунуч жаралды деп эсептеп, согуштук учактарын абага көтөрүшү мүмкүн болгон.
“Бул Израил менен Түркиянын, ошондой эле Сириянын ортосунда тез арада курчуп, түз аскердик кагылышууга алып келүү коркунучун жараткан”, - деди АКШнын атайын өкүлү.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















