super.kg logo

Оор илдетке карабай: Селин Дион сахнага кайтууга даярданууда

 

Дүйнөгө белгилүү ырчы Селин Дион Harper’s Bazaar журналынын күзгү санынын башкы каарманы болду. Ырчы фотосессияга катышып, оор неврологиялык оору менен күрөшкөндөн кийин жашоого жана сахнага акырындык менен кайтып келиши тууралуу айтып берген.

2022-жылы Селин Дионго сейрек кездешүүчү аутоиммундук оору синдрому (stiff-person syndrome) диагнозу коюлган. Бул илдет булчуңдардын катуу чыңалуусуна жана тырышуусуна алып келет. Оорунун айынан ырчынын кыймылдашы кыйындап, дүйнөлүк гастролун токтотууга туура келген.

Учурда 58 жаштагы ырчы реабилитациядан өтүп жатат. Ал жумасына үч жолу 1,5 сааттан пилатес менен машыгып, балет станогунда көнүгүүлөрдү жасайт. Машыгуулардын натыйжасында Диондун физикалык абалы кыйла жакшырып, ал кайрадан ийкемдүүлүгүн көрсөтүп, шпагатка отура баштаган.

Париждеги Олимпиада оюндарындагы ийгиликтүү эл алдына чыгуусунан кийин ырчы сахнага толук кайтууга даярданып жатат. Ал Парижде сентябрдын ортосунда баштала турган беш жумалык концерттер сериясын жарыялаган.

Билеттер бат эле сатылып кеткендиктен, ырчынын командасы 2027-жылга кошумча концерттердин даталарын да сатыкка чыгарган. Уюштуруучулар концерттерде Селин Диондун вокалдык мүмкүнчүлүктөрүн ар тараптан ачкан масштабдуу шоу болорун убада кылууда.

Ырчынын айтымында, оору менен күрөшүүдөгү эң оор нерселердин бири – элден жашынууга жана күйөрмандарын капа кылууга туура келгени болгон. Эми Дион ооруну жашырбай, активдүү жашоого жана сахнага кайтууга ниеттенүүдө.

"Жашоодон күмөн санагандын ордуна, мен жөн гана толук кандуу жашагым келет!" - деди ырчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: