Dior компаниясынын PR-директору Матильда Фавье жол кырсыгынан каза болду
Франциялык Dior мода үйүнүн коомчулук менен байланыш боюнча директору Матильда Фавье жол кырсыгынан каза болду. 57 жаштагы Фавье өнөктөшү, 61 жаштагы француз кинопродюсери, Николя Альтмайер менен бирге көз жумган.
Dior трагедия тууралуу 18-августта билдирген. Маалыматка караганда, кырсык дүйшөмбү күнү болгон. Эки унаа маңдай-тескей кагышкан.
Матильда Фавье Dior мода үйүндө 15 жылдай эмгектенген. Ал аялдар коллекциялары боюнча эл аралык PR-директор болуп, брендди тааныткан дүйнөлүк жылдыздар менен тыгыз иштешкен.
Алардын арасында Рианна, Женнифер Лоуренс, Натали Портман, BLACKPINK тобунун мүчөсү Жису жана Аня Тейлор-Жой сыяктуу белгилүү адамдар болгон.
Фавье мода дүйнөсүндө өзүнүн кыска чач жасалгасы жана жаркын мүнөзү менен таанымал эле. Dior компаниясына чейин ал Chanel, Glamour жана Prada сыяктуу белгилүү бренддерде жана басылмаларда иштеген.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















