Альп тоолорунда 34 жыл мурун дайынсыз жоголгон 2 альпинисттин сөөгү табылды
Бүгүн, 20-августта Швейцариянын Альп тоолорунда 1992-жылы дайынсыз жоголгон бельгиялык эки альпинисттин сөөгү табылды. Бул тууралуу Euronews маалымдады.
Маалыматка караганда, алардын сөөгүн 26-июлда турист Италиянын чек арасына жакын жайгашкан Трифт мөңгүсүнөн тапкан. Соттук-медициналык экспертиза жана ДНК анализи алардын 1992-жылы Вайссмис тоосунда дайынсыз жоголгон альпинисттер экенин тастыктаган.
Алар 4-сентябрда 4017 метр бийиктиктеги чокуга чыгуу үчүн жолго чыгышкан. Бирок аба ырайынын кескин начарлашынан улам сапарын уланта албай, дайынсыз жоголушкан. Ошол учурда жүргүзүлгөн издөө иштеринде алардын рюкзактары гана табылган.
Акыркы жылдары Швейцариянын Альп тоолорунда мөңгүлөрдүн эришинен улам ондогон жылдар мурун дайынсыз жоголгон адамдардын сөөгү табылып жатат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















