super.kg logo

Бишкектин мурдагы вице-мэрине козголгон кылмыш иши токтотулду

 
Бишкек шаарынын мэринин мурдагы орун басары Максатбек Сазыкуловго карата козголгон кылмыш иши токтотулду. Маалыматты бүгүн, 22-августта Жогорку Соттун басма сөз кызматы тастыктады.
Маалыматта мындай чечимди Жогорку Сот анын аракеттеринде кылмыштын курамы жок деген негизде 3-август күнү чыгарганы айтылат. Чечимде ошондой эле Ленин райондук сотунун 2025-жылдын 26-сентябрындагы жана Бишкек шаардык сотунун 2026-жылдын 9-мартындагы өкүмдөрү жокко чыгарылганы белгиленген.
Эске салсак, УКМК 2024-жылдын 5-июнунда Максатбек Сазыкуловду кармаган. Ага кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып тагылган. Анын кармалышы боюнча калаа башчысы Айбек Жунушалиев комментарий берип, Сазыкуловго аким болуп турган кезиндеги аракеттери боюнча кылмыш иши ачылганын айткан.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: