super.kg logo

Көчмөндөр оюндары: Акылуу жана акысыз спорттук оюндардын, иш-чаралардын тизмеси

 
1–6-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдө өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын иш-чараларына билеттердин баалары аныкталды.
Маданият министрлиги маалымдагандай, Көчмөндөр оюндарында көрүүчүлөр үчүн акы төлөнүүчү жана кирүү акысыз болгон иш-чаралар бар. Кырчын жайлоосунда өтө турган маданий жана спорттук иш-чараларга, ошондой эле Курманжан датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясы борборуна кирүү акысыз. Чыңгыз Айтматов атындагы "Рух Ордо" маданий борборунда, "Дордой Номад" амфитеатрында жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтө турган маданий иш-чараларга билеттин баасы 500 сомду түзөт.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылуу аземине билеттер орундардын категориясына жараша төмөнкү бааларда сатылат:
  • борбордук жашыл сектордогу орундар — 4000 сом;
  • ак сектордогу стандарттык орундар — 3000 сом;
  • кызыл сектордогу стандарттык орундар — 2000 сом;
  • сары сектордогу эконом орундар — 1000 сом;
  • көк сектордогу эконом орундар — 500 сом.
Мындан тышкары, Чолпон-Ата шаарындагы ат майдандын жанында жайгашкан жаңы кичи аренада өтө турган көк бөрү жана көкпар боюнча финалдык оюндарга билеттин баасы 1000 сомду түзөт.
Айта кетсек, Бишкекте боло турган ачылыш аземде билеттердин баасы 5000 сомдон 9000 сомго чейин болот.





Акылуу жана акысыз спорттук оюндардын жана иш-чаралардын тизмеси

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: