super.kg logo

Спикер да карын энеликке чектөө киргизүүнү демилгеледи

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев карын эне кызматына чектөо киргизүүнү демилгелеген мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Документ парламенттин сайтындагы коомдук талкууга чыкты.

Анда карын энелик кызматы чет өлкөлүктөргө көп көрсөтүлүп жатканы белгиленет. Мисалы, 2024-2025-жылдар аралыгында карын энеден төрөлгөн 138 бала чет өлкөлүккө катталса, 15 бала гана Кыргыз жарандарына катталган. Андыктан эл өкүлү карын энелик кызматын чет элдиктердин пайдалануусун тыюу салууну сунуштап жатат.

Депутаттын демилгесинде мындай чектөө өз кезегинде карын энеден төрөлгөн баланын башка максаттарга пайдаланылып калышын алдын алат деп айтылат. Мисалы, орган катары колдонулушун, сексуалдык кулчулукта кармалышын жана башка.

Буга чейин да карын энелик кызматын чет өлкөлүктөрдүн пайдалануусуна тыюу салууну Жогорку Кеңештин депутаттары Болот Ибрагимов менен Чыңгыз Ажибаев демилгелешкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: