Спикер да карын энеликке чектөө киргизүүнү демилгеледи
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев карын эне кызматына чектөө киргизүүнү демилгелеген мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Документ парламенттин сайтындагы коомдук талкууга чыкты.
Анда карын энелик кызматы чет өлкөлүктөргө көп көрсөтүлүп жатканы белгиленет. Мисалы, 2024-2025-жылдар аралыгында карын энеден төрөлгөн 138 бала чет өлкөлүккө катталса, 15 бала гана кыргыз жарандарына катталган. Андыктан эл өкүлү карын энелик кызматын чет элдиктердин пайдалануусун тыюу салууну сунуштап жатат.
Депутаттын демилгесинде мындай чектөө өз кезегинде карын энеден төрөлгөн баланын башка максаттарга пайдаланылып калышын алдын алат деп айтылат. Мисалы, орган катары колдонулушун, сексуалдык кулчулукта кармалышын жана башка.
Буга чейин да карын энелик кызматын чет өлкөлүктөрдүн пайдалануусуна тыюу салууну Жогорку Кеңештин депутаттары Болот Ибрагимов менен Чыңгыз Ажибаев демилгелешкен.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















