super.kg logo

Белгилүү балбан абактан бошотулду

 

Балбан Мурат Рамонов абактан бошотулду. Маалыматты бүгүн, 23-авгутта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматта райондук сот мындай чечимди 10-августта кабыл алганы айтылат. Сот аны Кылмыш-жаза кодексинин "Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо" беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 200 миң сом айып пул салган.

Эске салсак, Рамонов апрель айында баңгизат колдонуп алып унаа айдоого шектелип кармалган. Социалдык тармактарда Рамонов камакка алынган УКМКнын Бишкек башкармалыгын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбековдун 40 чоросунун бири экени тууралуу маалыматтар тараган. Анын каймана аты Пахта экени айтылып келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: