Жасалма Rolex сааттары бренддин фирмалык дүкөнүндө оригинал деп кабыл алынган
Кытайлык өндүрүүчүлөрдүн Rolex сааттарынын жасалмалары ушунчалык сапаттуу болуп калды. Алардын айрымдарын сырткы көрүнүшүнө карап оригиналынан айырмалоо дээрлик мүмкүн эмес. Бул тууралуу Wired басылмасы жазды.
Басылманын журналисттери Кытайдагы өндүрүүчүлөрдөн үч жасалма Rolex саатын сатып алышкан. Алардын ичинен Submariner модели 438 доллар, Daytona 768 доллар, ал эми Oyster Perpetual Celebration 498 доллар турган. Үч саат тең сырткы көрүнүшү боюнча оригиналга абдан окшош болгон.
Эң кызыктуу учур Лондондогу Олд-Бонд-стриттеги Rolex фирмалык дүкөнүндө болгон. Журналист жасалма Oyster Perpetual саатын дүкөндүн кызматкерлерине берип, билеригин кыскартып берүүнү суранган.
Саатты сервистин адистери текшерип чыгышканына карабастан, анын жасалма экенин аныкташкан эмес.
Андан соң кызматкерлер саатты ээсине кайтарып, сатып алуусу менен куттукташкан. Ошондой эле билериктен алынган бөлүктөрдү Rolex брендинин фирмалык баштыгына салып беришкен.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















