Chanel Казакстанда алгачкы бутигинин эшигин ачат
Франциянын белгилүү Chanel мода үйү Казакстанда алгачкы расмий бутигин ачат. Жаңы дүкөн Алматы шаарындагы Dostyk Plaza соода борборунда 27-августта иштей баштайт.
Бутик соода борборунун биринчи кабатында жайгашат. Анда азырынча бренддин парфюмерия жана косметика багыты гана сунушталат. Кардарлар Chanelдин белгилүү жыпар жыттуу атырларын, териге кам көрүү каражаттарын жана макияж үчүн косметикаларын сатып ала алышат.
Ал эми кийим-кече, сумка жана аксессуарлар азырынча сатыкка коюлбайт.
Бутикке келгендерге териге кам көрүү каражаттарын тандоо жана өзүнө ылайыктуу парфюмериялык топтом түзүү боюнча жеке кеңештер берилери айтылды.
Chanelдин Алматыга келиши шаар тургундары арасында кызуу талкуу жаратты. Айрымдар бутикте сейрек кездешүүчү эксклюзивдүү атырлардын линиясы сатылабы жана келечекте бренддин кийим-кече багыты боюнча толук кандуу дүкөнү ачылабы деп кызыгышууда.
Ошол эле учурда айрым колдонуучулар Chanelдин продукциясы Казакстандагы ири косметикалык дүкөндөрдө буга чейин эле сатылып келгенин белгилешти. Ошондуктан жаңы бутиктин негизги өзгөчөлүгү жана андагы баалар кандай болору коомчулуктун кызыгуусун жаратууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















